Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-октябры № 23/1
«Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын эсебине түшкөн каражаттарын пайдалануу жөнүндө»
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетине түшкөн атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгүнө бөлүү максатында Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинде жыл башьша калган атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү 27,7 миң сом көлөмүндө бекитилсин жана аталган сумма төмөндөгү статьяларга жумшалсын.
-Алыш орто мектебине балдарды мектепке ташуу үчүн 7,0 миң сом;
Токтосунов атындагы орто мектепке "Ак там" участкасындагы окуучуларды ташып келүүгө 10,7 миң сом;
-Токтосунов атындагы орто мектепке бекитилип берилген "Мерседес Бенц 208" микроавтобусуна автотетиктерди алууга 10,0 миң сом.
2.Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу Ж |