Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-октябры № 23/2
«Дөбөлү айыл аймагынын Кенеш айылындагы көрүстөнгө башка жактан маркумдарын коюуга тыюу салуу жөнүндө»
Дөбөлү айыл аймагынын Кенеш айылындагы көрүстөнгө берилген жер аянты тарып жана жайыт жерине чейин кенейип бараткандыгына байланыштуу башка жактын маркумдарын коюуга тыюу салуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын Кенеш айылындагы көрүстөнгө берилген жер аянты тарып жана жайыт жерине чейин кенейип бараткандыгына байланыштуу башка жактын маркумдарын коюуга тыюу салынсын.
2. Бул токтомдын аткарылышын Дөбөлү айыл аймагынын Кенеш айыл башчысы Ж. Курмановго, Дөбөлү айыл аймагынын жайыт комитетинин төргасы Ж. Султановго тапшырылсын.
Төрага | Уланбек уулу Ж |