Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры № 138
«Ош шаарындагы жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2018-2019-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө»
Ош шаарындагы жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2018-2019-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаевдин жана жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин жетекчилеринин маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 23-октябрындагы №12 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ош шаарындагы жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2018-2019-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаевдин жана жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин жетекчилеринин маалыматтары эске алынсын
2. Ош шаардык мэриясына (Т.Сарыбашов):
- Оштогу жылуулук электр борборуна (А.Аттокуров) мекемени жаратылыш газы жана мазут менен толук көлөмдө камсыздап жана жылуулук тармактарынын түтүктөрүн даярдоо боюнча иш алып баруу;
-«Жылуулуккамсыздоо» муниципалдык ишканасына (Б.Кадырбердиев) келишим аркылуу алып келинген көмүрдүн сапатына катуу көзөмөл жүргүзүү, отказандарды кезеги менен жаңылоону уюштуруу, социалдык мекемелерди жана калкка тийиштүү деңгээлде жулуулук берүүнү камсыздоо;
-Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгына (Э.Аралиев) көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөлөрүндөгү жылуулук түтүктөрүн аймактык кеңештер менен биргеликте өз убагында оңдоо иштерин жүргүзүү;
-Ош райондук электр тармактар ишканасына (Б.Токторбаев) капиталдык жана кезектеги оңдоо иш чараларын жүргүзүү, талапка жооп берген трансформатордук подстанцияларды орнотуу, трансформатордук подстанцияларды жетиштүү деңгээлде май менен камсыздоо, аба чубалгылары тартылган жерлерге жакын өскөн дарактардын бутактарын кестирүү;
-Шаардык билим берүү башкармалыгына (А.Асанов) шаардык саламаттык сактоо координатору (А.Шамшиев) мектептердин, балдар бакчалардын, шаардагы ооруканалардын жана алардын филиалдарынын ички жылытуу системаларын тийиштүү деңгээлде даярдоо, жетиштүү өлчөмдө көмүр менен өз учурунда камсыз кылуу боюнча иш алып баруу;
-Аймактык кеңештерде көмүр сатып алуу жайларын уюштуруу, кварталдык комитеттер, үй комитеттери жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына калк арасында кышка даярдык көрүү (отун, көмүр сатып алуу, эшик терезелерин жылуулоо ж.б.) боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн, көмүр отун даярдоо боюнча үзгүлтүксүз иш алып баруу;
-«Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун «Ошгаз» филиалына (Р. Тагаев) шаардын көчөлөрүндөгү газ түтүктөрүн алып өткөн жолдун боюндагы жерлерди калыбына келтирүү жана жылытуу мезгилинде керектөөчүлөрдү жаратылыш газы менен толук көлөмдө камсыз кылуу;
-Ош шаардык жол башкармалыгына (А. Жунусов), Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатына (А. Наватова), «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына (Т. Капаров) кыш мезгилинде жолдордогу кар күрөөчү атайын техникаларды, жол тайгактарына каршы себиле турган туз, кум жана башка инерттүү материалдарды жетиштүү өлчөмдө даярдоону камсыздоо тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышы боюнча Ош шаардык мэриясы жана тиешелүү мекеме-ишканалар Ош шаардык Кеңешине жылуулук берүү мезгилинде ай сайын маалымат берип туруусу милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б. Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А. Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Шоноев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |