Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры № 139
«Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү боюнча Ош шаардык мэриясынын жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө»
Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 13-мартындагы кезектеги XII сессиясында кабыл алынган №108 токтомунун аткарылышы боюнча Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү боюнча Ош шаардык мэриясынын жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ош шаарынын вице-мэри Ж.Азимовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2018-жылдын 25-сентябрындагы №10 токтомун, ошондой эле сессияда сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындарды жоюу жана жол кыймылын иретке келтирүү боюнча Ош шаардык мэриясынын жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ош шаарынын вице-мэри Ж.Азимовдун маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаардык мэриясына (Т.Сарыбашов):
-Ош шаарынын көчөлөрүндөгү баш-аламан соода түйүндөрүн, жол боюндагы мыйзамсыз курулуштарды, көрнөк-жарнактарды, аялдамаларды, иретке келтирүүнү такай көзөмөлгө алуу;
- Ош шаарын айланып өтүүчү жолдордун (Бишкек-Ош жолунун Ош шаарынын түндүк-батыш айлампа жолу жана Ош шаарынын түштүк-чыгыш айлампа жолу) курулушун тездетүү жагын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суроо;
-Шаардагы жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген айдоочулардын жүргүнчүлөргө болгон мамилесин жана тейлөө маданиятын жакшыртуу максатында тиешелүү кызматтардын айдоочулар менен түшүндүрүү иштерди алып баруусун күчөтүүнү камсыздоо милдеттендирилсин.
3. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө (Ш.Шакиров):
-Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте шаарда ар түрдүү рейддерди өткөрүү, аймактык кеңештерде тегерек стол, жолугушууларды уюштуруу жана мектеп окуучулары арасында жол коопсуздугунун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
-Ош шаарына кирип-чыгып жаткан облустар, райондор аралык каттамдарды тейлеп жаткан маршруттук каттамдардын, жеке менчик таксилердин айдоочулары тарабынан жол кыймылынын эрежелерин жана маршруттук схемаларын так аткарууну көзөмөлдөө милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Шоноев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |