Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры № 140
“Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан муниципалдык мүлктү каттоо, эффективдүү пайдалануу, сактоо багытында аткарып жаткан иштери жөнүндө”
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы А.Семетеевдин сессияга катышпагандыгына байланыштуу, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан муниципалдык мүлктү каттоо, эффективдүү пайдалануу, сактоо багытында аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маселе Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессиясынын кароосуна калтырылсын.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |