Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры № 141
“Ош шаарында муниципалдык аймактык башкармалыктарды түзүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 14-сентябрындагы №658/08-13 Ош шаарындагы аймактык кенештердин базасында муниципалдык аймактык башкармалыктарды түзүүгө макулдук сураган катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 21-сентябрындагы №1-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ош шаарында муниципалдык аймактык башкармалыктарды түзүүгө макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) муниципалдык аймактык башкармалыктарды түзүүдө мыйзам чегинде иш алып баруу тапшырылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кенешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Каримбеков) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |