Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры № 144
“Ош шаарынын мэриясынын алдындагы “Сулайман-Тоо” волейбол клубун түзүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 17-октябрындагы №732/08-13 “Дархан” волейбол клубунун базасында Ош шаарынын мэриясынын алдындагы “Сулайман-Тоо” волейбол клубун түзүүгө макулдук сураган катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 18-октябрындагы №16-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы “Сулайман-Тоо” волейбол клубун түзүүгө макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) “Сулайман-Тоо” волейбол клубун түзүүдө мыйзам чегинде иш алып баруумилдеттендирилсин жана волейбол клубун шаардын карамагына өткөрүп алуу боюнча курамына Ош шаардык Кеңешинин депутаттары А.Осмоновду жана С.Назылбековду киргизүү менен жумушчу комиссия түзүү сунушталсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Раимбердиев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |