Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-июну № 7/1
“Айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын 03.05.2018-жыл № 2 протоколдук чечимин бекитүү жөнүндө”
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы союз убагынан бери колдонуп келген ички чарбалык жолдор жаандын, каардын жана табигый өзгөрүүлөрдөн жараксыз абалга келгендиги, айыл тургундардын тоют жана отун-суу маселеси жогорудагы белгиленген жолдун абалына байланыштуу болуп, жаз алды менен жазгы талаа иштерине жакындан жардам берүүгө жана ички жолдорду ондоо максатында Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1.Айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын 03.05.2018-жыл № 2 “Биймырза айылындагы Жон, Учуктун күңгөй-тескейинтегеретип, Арпатектир, Ак-Ой Кара-Кулжа айылындагы Жолболот, Кара-Жар, Күнгө-бет жана Жон, Сары-Камыш айылындагы Арпатектир-
Алчалууга, Булактын көзүнө чейин жол салуу, Ак-Ой, Орток, Арпатектир жана Сары-Камыш айылынан сайга түшүүчү ички чарбалык жолду тазалоого жана Улак чапчуу жерди түздөтүүгө, 1-Май айылындагы Секелек, Жаргылчак, Ак-Таш, Кок-Жар, Тайгак-Таш ички чарбалык жолдорду жалпысынан 150.000 метр ички чарбалык жолду ондоого жана Учук учаскасындагы айыл чарбасына жарактуу жер аянттарды ар жылы Тар дарыясы нугуна киргенде жер аянттарды алып кетүүсүн алдын алуу үчүн 200 метр дамба курууга 600 (алты жүз) даана габион (сетка) жардам берүүгө күчтүү чоң техника жана күйүүчү майдан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министирлигинен жардам берүүжөнүндөгү” протоколдук чечими бекитилсин жана күчтүү чоң техника жана күйүүчү майдан жардам берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министирлигинен суралсын.
2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагыдепутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Т.Байымбетовго тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов. |