Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-июну № 7/2
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Өзгөн шаары, Кара-Кулжа Өзгөн райондору боюнча региондор аралык башкармачылыгынын 31.05.2018-жыл № 23-17-364 “Кара-Кулжа айылындагы Б.Маткадыров атындагы көчөсүндө жайгашкан Ш.Жээнбеков атындагы интернат-лецийинин имаратынын эскилиги жетип, техникалык абалы азыркы талапка жооп бербегендиги жөнүндөгү” аныктамасынын негизинде, Ш.Жээнбеков атындагы интернат-лецийинин имаратынын эскилиги жеткендигине байланыштуу жаны имарат курууга уруксат берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 3-бөлүгүнүн, 18- “Жергиликтүү маанидеги маселелер жөнүндөгү” бөлүмчөсүнүн 1, 2 жана 15 бөлүмчөлөрүн жетекчиликке жана Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндө” Кодексинин 4-беренесинин 3 -“Айылдык аймактын чектериндеги жеке жана мамлекеттик менчиктеги жерлерден башка жерлер муниципалдык менчик болуп эсептелиниши жөнүндөгү” бөлүмчөсүн эске алып Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Өзгөн шаары, Кара-Кулжа Өзгөн райондору боюнча региондор аралык башкармачылыгынын 31.05.2018-жыл № 23-17-364 “Кара-Кулжа айылындагы Б.Маткадыров атындагы көчөсүндө жайгашкан Ш.Жээнбеков атындагы интернат-лецийинин имаратынын эскилиги жетип, техникалык абалы азыркы талапка жооп бербегендиги жөнүндөгү” аныктамасынын негизинде, Ш.Жээнбеков атындагы интернат-лецийинин имаратынын эскилиги жеткендигине байланыштуу жаңы имарат курууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министирлиги тарабынан Ш.Жээнбеков атындагы интернат-лецийинин имаратынын эскилиги жеткендигине байланыштуу, жараксыздыгы жөнүндө корутундусун даярдатуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
3. Жер аянтынын архитектуралык пландоо шарттарын түзүү (АПУ) жагы жана жаны мектеп имаратына керектүү документтерин даярдоо жагыайыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |