Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-июну № 7/3
“Б.Эшмамбетов атындагы орто мектебинин алдында мурунку башталгыч мектебинин базасында уюштурулган “Мээрим” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 30 сотых жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 5 -“Жергиликтүү жааматтын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кенешинин 04.06.2018-жыл кошмо жыйынынын №1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Б.Эшмамбетов атындагы орто мектебинин алдында мурунку башталгыч мектебинин базасында уюштурулган “Мээрим” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 30 сотых жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Жер аянтынын архитектуралык пландоо шарттарын түзүү (АПУ) жагы жана керектүү документтерин даярдоо жагыайыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |