Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-июну № 7/4
“Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 1-кварталынын иш планы жөнүндө”
Кара-Кулжа айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 1-кварталынын иш планын аткарылышы жөнүндөгү Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 04.06.2018-жыл № 3 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 1-кварталынын иш планын аткарылышы жөнүндөгү билдирүүсү эске алынсын.
2. Жаш өспүрүмдөр тескөөчүсү (Амангелди уулу Санжар), айыл башчылар (Э.Алиев, С.Кудайбердиев, А.Кыдыков), милициянын атайын ыйгарымдуу өкүлдөрү (Абдибаит уулу Талгат, Эришов Улан, Өзгөнбаев Өмүрбек) КААБ дын мүчөлөрү мектеп администрациясы (директор), класс жетекчилер жана социалдык педогогдор, айыл өкмөтүнүн социалдык адистери:-
-Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагында мектепке тартылбаган балдар жана ата-энелер комитетинин мүчөлөрүнүн катышуусунда семинарлар, тегерек столдор уюштурулуп өткөрүүнү камсыздашсын.
-балдарга үй-бүлөө мүчөлөрүнө карата зордук-зомбулуктун алдын алуу, аны болтурбоону камсыздоо максатында Кара-Кулжа, 1-Май , Биймырза жана Сары-Камыш айылдарында рейддер уюштурушсун.
-татаал турмуштук кырдаалга кабылган эмгек мигранттарынын балдарын окууга тартуу боюнча ишти күчөтсүн.
- Көлмөлөрдө, Суу топтолуучу жайларда, Кара-Кулжа дарыясынын жээгинде балдардын өмүрүн сактоо, коопсуздуктарын сактоо багытында иштерди жандандырсын.
-Коомдук жайларда, жаш өспүрүмдөр топтолгон жайларда профилактикалык иштерди жүргүзүү жана түшүндүрүү иштерин күчөтүшсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |