КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
жетинчи сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 14-июну № 7/5
“Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” бөлүмчөсун жетекчиликке алып жана Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кенешинин социалдык-маданий, билим беру, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 01.06.2018-жыл № 4 протоколдук чечимин жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Турдубай уулу Тилектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депуттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен киреше жана чыгаша бөлүгү жөнүндөгүайыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Турдубай уулу Тилектин отчету алымча кошумчасы менен канааттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.
2.Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |