КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
жетинчи сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 14-июну № 7/6
“Биймырза айылындагы Сагынбай кызы Кундуз көчөсүнө электр энергия темир бетон (ЖБ) столбаларды орнотуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 33-беренесинин 2 “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып жана Биймырза айылындагы Сагынбай кызы Кундуз көчөсүнө электр энергия темир бетон (ЖБ) столбаларды орнотуу маселеси жөнүндөгүдепутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кенешинин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, инвестиция, энергетика, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясынын 28.05.2018-жыл № 2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1.Калктуу конуштарда электр энергия темир бетон (ЖБ) столбаларды орнотуу, эскилиги жеткен жыгач маамычаларды алмаштыруу, айыл тургундардын коопсуздуктарын сактоо жана түнкү жарыктандыруу маанилүү (приоритеттүү) маселе экендиги белгиленсин.
2. Биймырза айылындагы Сагынбай кызы Кундуз көчөсүнө электр энергия темир бетон (ЖБ) столбаларды орнотууга көмөк көрсөтүү жагы райондук электр тармактар (РЭТ) ишканасына жүктөлсүн.
3. Атайын техника киүүгө шарттарды түзүү жана электр энергия темир бетон (ЖБ) столбаларды орнотууга айыл тургундарын мобилизациялоо жагы Биймырза айылынын айыл башчысы С.Кудайбердиевге тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кенешинин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, инвестиция, энергетика, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Бекеновго жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |