Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-июну № 7/7
“Кыргыз Республикасынын МУКК Кара-Кулжа райондук бөлүмчөсүнүн “Коопсуздук кызматчыларынын кызматтык үй” имаратын жана 2379.00м.кв. жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 3-бөлүмүнүн, 18- “Жергиликтүү маанидеги маселелер жөнүндөгү” бөлүмчөсүнүн 1, 2 жана 15 бөлүмчөлөрүн, Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндө” Кодексинин 4-беренесинин 3 -“Айылдык аймактын чектериндеги жеке жана мамлекеттик менчиктеги жерлерден башка жерлер муниципалдык менчик болуп эсептелиниши жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 5 -“Жергиликтүү жааматтын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын МУКК Кара-Кулжа райондук бөлүмчөсүнүн 20.04.2018-жыл № 01-2669 катын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1.Кыргыз Республикасынын МУКК Кара-Кулжа райондук бөлүмчөсүнүн “Коопсуздук кызматчыларынын кызматтык үй” имараты жана 2379.00 м.кв. жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын МУКК Кара-Кулжа райондук бөлүмчөсүнүн “Коопсуздук кызматчыларынын кызматтык үй” имаратын жана 2379.00 м.кв. жер аянтын, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу боюнча укуктук ченемдик актыларын даярдоо жана кызматтык үйдүн техникалык паспортун жасап берүү жагы айыл өмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |