Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-июну № 7/8
“Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан М.Жунусов атындагы райондук аймактык оорукананын (РАО) электр энергия 400 квт-саат 2-даана, 63 квт-саат 1-даана трансформаторду, 42 –даана темир бетон (ЖБ) столбаларды, 5-даана жыгач маамычаларды жана 2100 метр элетр энергия өткөрүүчү чубалгыларды (зым) райондук электр тармактар (РЭТ) ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 5 -“Жергиликтуу жааматтын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана М.Жунусов атындагы райондук аймактык оорукананын (РАО) 30.05.2018-жыл № 177 кайрылуу катын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан М.Жунусов атындагы райондук аймактык оорукананын (РАО) электр энергия 400 квт-саат 2-даана жана 63 квт-саат 1-даана трансформатору, 42 –даана темир бетон (ЖБ) столбалары, 5-даана жыгач маамычалары жана 2100 метр элетр энергия өткөрүүчү чубалгылары (зым) Кара-Кулжа райондук электр тармактар (РЭТ) ишканасынын балансына өткөрүлүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, инвестиция, энергетика, кайра иштетүүбоюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Бекеновго жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |