Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-июну № 7/10
“Кара-Кулжа айылындагы А.Исманов атындагы көчөдө жайгашкан № 29 Кесиптик лицейдин батыш түндүк тарабынан бала бакча курулушуна жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 5 “Жергиликтүү жааматтын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана Кара-Кулжа айылынын 02-июнь 2018-жылдагы жалпы элдик жыйындын № 10 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1.Кара-Кулжа айылындагы А.Исманов атындагы көчөдө жайгашкан № 29 Кесиптик лицейдин батыш тундук тарабынан бала бакча курулушуна 0.10 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2.Жаңы бала бакча курулушунун АПУ сун жана курулуш долбоорун даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |