Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-июну № 7/12
“Кара-Кулжа айылындагы № 29 Кесиптик лицейге өндүрүштүк-практикалык сабактарын өтүүгө шарттарды түзүү үчүн айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жер аянтынан 0.30 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 5 -“Жергиликтүү жааматтын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айылындагы № 29 Кесиптик лицейге өндүрүштүк-практикалык сабактарын өтүүгө шарттарды түзүү үчүн айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жер аянтынан 0.30 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жер аянтынан 0.30 га жер аянтын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Жаанбаев Тургунбайга тапшырылсын.
Төрага | Б.Саипов |