Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-июну № 7 / 13
“Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө сатып алуулар боюнча тендердин өтүшүн депутаттык комиссиянын курамында текшерүүүчүн депутаттык комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 33-беренесинин 2 “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл өкмөтүндөсатып алуулар боюнча тендердин өтүшүн депутаттык комиссиянын курамында текшерүүүчүн төмөндөгү депутаттык комиссиянын курамы бекитилсин:-
1.Сегиз мандаттуу 1-Май айылдык кеңешинин депутаты Абай Бөрүбаев.
2.Он мандаттуу Совет шайлоо округунун айылдык кеңешинин депутаты А.Таиров.
3.Жети мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунун айылдык кеңешинин депутаты Н.Жөржөев.
2.Депутаттык комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарын жетекчиликке алышсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | Б.Саипов |