Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-августу № 8 / 1
“Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетине өзгөртүү, толуктоо киргизүү жана “Мээрим” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратын ремонттон өткөрүүгө, айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 33-беренесинин 2 “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып жанадепутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 02.07.2018-жыл № 6 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айылындагы Т.Жээнбеков көчөсүндө жайгашкан “Мээрим” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратын ремонттон өткөрүүгө, айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 800.000 (сегиз жүз миң) сом акча каражаты, айыл өкмөттүн 2018-жылга карата түзүлгөн бюджетиндеги Кара-Кулжа айылына латок койдурууга бөлүнгөн 2.500.000 (эки миллион беш жүз миң) сомдон бөлүнүп берилсин.
2.Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мамасалиевагажүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |