КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
сегизинчи сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 3-августу № 8/2
“Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” бөлүмчөсүн эске алып жана Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 02.07.2018-жыл № 6 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айылынын Сай участкасында жашаган тургундарга таза-сууну үзгүлтүксүз камсыздоо максатында таза-суу артезиан кудугун оңдоого суралган 550.000 (беш жуз элүү миң) сомду, айыл өкмөттүн 2018-жылга карата түзүлгөн бюджетиндеги Кара-Кулжа айылына латок койдурууга бөлүнгөн 2.500.000 (эки миллион беш жүз миң) сомдон бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |