КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
сегизинчи сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 3-августу № 8/3
“Кара-Кулжа айыл аймагындагы шайлоочулардын жыйындарында № 5008 1-Май, № 5440 Миң-Өрүк, № 5009 Совет, № 5496 Беш-Жар, № 5010 Кара-Кулжа, № 5011 Биймырза жана № 5012 Сары-Камыш учаскалык шайлоо комиссияларынын (УШК) курамдарына көрсөтүлгөн талапкерлерди аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) сунуштоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Мыйзамынын № 19 “Аймактык жана учаскалык шайлоо комиссиялар жана аларды түзүүнүн тартиби жөнүндөгү” беренесин жетекчиликке алып жана Кара-Кулжа айыл аймагындагы шайлоочулардын жыйындарында № 5008 1-Май, № 5440 Миң-Өрүк, № 5009 Совет, № 5496 Беш-Жар, № 5010 Кара-Кулжа, № 5011Биймырза жана № 5012 Сары-Камыш учаскалык шайлоо комиссияларынын (УШК) курамдарына сунушталган талапкерлерди угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл аймагындагы шайлоочулардын жыйындарында № 5008 1-Май, № 5440 Миң-Өрүк, № 5009 Совет, № 5496 Беш-Жар, № 5010 Кара-Кулжа, № 5011 Биймырза жана № 5012 Сары-Камыш учаскалык шайлоо комиссияларынын (УШК) курамдарына көрсөтүлгөн талапкерлер аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) сунушталсын.
2.Сунушту колдоп берүү жагы Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынан (АШК) суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |