Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-августу № 8/4
“Кара-Кулжа айыл өкмөтү жайгашкан жер аянтынан жаңы ветеринардык пункт курулушуна жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 5 -“Жергиликтүү жааматтын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Жумабаевдин өтүнүч катын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1.Кара-Кулжа айыл өкмөтү жайгашкан жер аянтынан жаны ветеринардык пункт курулушуна 250.00 м.кв. жер аянты бөлүнүп берилсин.
2.Ветеринардык пункт курулушунун АПУ сун жана курулуш долбоорун даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |