Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-августу № 8/5
“Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан Көк-Жар учаскасына жаан-жаачындан корголоочу (перовалычный база) курулушуна жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 5 -“Жергиликтүү жааматтын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Жумабаевдин өтүнүч катын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1.Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан Көк-Жар учаскасына жайыт пайдалануучуларга жакшы шарт түзүү максатында жаан-жаачындан корголоочу (перовалычный база) курулушуна 0.40 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2.Жаан-жаачындан корголоочу (перовалычный база) курулушунун АПУ сун жана курулуш долбоорун даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |