Загрузка документа…
УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-февралы № 56
«Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2017-жыл ичинде жүргүзүлгөн иштери боюнча айыл өкмөт башчысы Н.Молдомусаевдин отчету жөнүндө»
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2017- жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө айыл өкмөт башчысы Н.Молдомусаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин ХV -кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Молдомусаевдин 2017-жыл ичинде жүргүзүлгөн иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
2.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн айрым кемчиликтерин оңдоо жагы келерки жылга аткарууга милдеттендирилсин.
3.”Аймактарды өнүктүрүү жылында” Айыл өкмөттө БУУнун азык-түлүк программасы боюнча иштерди тереңдетип, айыл чарбасында жана айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу багытында жаңы долбоорлорду сунуштоо жагы айыл башчылары Ч.Талканчиевге, Э.Качкынбаевге, М.Келгенбаевдерге милдеттендирилсин.
4.Экономикалык тармакта айыл өкмөттүн бюджеттик абалын чыңдоо багытында кошумча каржы булактарын издөө,инвестиция тартуу багытында иш алып баруу жагы ФЭБ башчысы К.Көкөевге жана улук салыкчы А.Рысбаевге тапшырылсын.
5. Суугат суу сезонуна карата ички чарбалык каналдарды жана арыктарды тазалоо, насостук станцияларды оңдоп ремоттон өткөрүү жагы Уч-Терек УОСтун кызматкерлерине, Саргата айылынын айыл башчысы М.Келгенбаевге, айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Байсабаевге милдеттендирилсин.
6. 2018-жылдын жазгы айдап себүү жумуштарын жергиликтүү уюштуруу жана керектүү өлчөмдө талаа сапаттуу үрөөндөр , жер семирткичтер менен камсыз болушун өзубагында көзөмөлдөп,жазгы айдап себүү иштерин ийгиликтүү өткөрүү жагы айыл өкмөттүн жер адиси К.Абазовго жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
7. Айыл өкмөттүн айылдарындагы жеке менчик малдарды алыскы жайлоолорго чыгаруунун алдында жугуштуу ооруларга каршы толук ветеринариялык эмдөөлөрдөн өткөрүүнү жүргүзүүнү айыл өкмөттүн вет.адиси К.Жумабековго,ветврач Т.Канболотовдорго милдеттендирилсин.
8. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
9. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.Сейдалиева |