Загрузка документа…
УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-февралы № 57
«Жайыт комитетинин 2017-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету жана 2018-жылга иш планын бекитүү жөнүндө»
Быйылкы жылы жайыт комитетинин бюджети Айылдык кенешинде 941 777 сом план болуп бекитилип макулдашылган.Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаты-нан 811 804 сом чогултулуп,мындан жер салыгы учун 236 000 сом,сатуудан тушуучу салык учун 21299 сом,подоход салык учун 13500 сом айыл өкмөттүн эсебине которулуп берилди.Мындан сырткары соц.фондко 39010 сом чегерилген.
Ал эми жайыттын инфраструктурасын жакшыртуу жайыт пайдалануучу-лардын,элдин жайлоого каттосу үчүн шарт түзүү максатында «Шылдырак» жайлоосуна баруу жолдорду ондоого УИТ ишканасынын погрузчигине 12 миң сомдук 300 литр күйүүчү май куюлуп берилген.Саргата айылынын кайрылуусу менен «Кекилик» ашуусундагы секиртме таштарды басайтуу,жолдорун ондоо үчүн алты адам иштешип,эмгек акысы үчүн өз ара келишим түзүлүп,20000 сом бөлөнүп берилди.Кара-Көл жайытынын жолдорун оңдоо үчүн айылдык кенештин төрайымы менен биргеликте акча каражатын тезирек бөлдүрүүгө көмөк көрсөтүшүп,жалпы суммасы 45000сом бөлүнүп берилди.Кичи Көлдүн башына «Капка» суусуна көпүрө куруусуна 9300 сом бөлүнүп берилди.2017-жылы «Бактыкан Апа» балдар бакчасынын жаны уюштурулгандыгына 5000 сом акча каражаты бөлүнүп берилген.
2018-жылга жайыт комитетинин бюджети 997 056 миң сомго пландаштырылды,мунун ичинен жайыт салыгы учун 219252 мин сом, соц.фондго 29325 мин сом,жалпы эмгек акыга 170000 мин сом.Жогорудагыларды белгилеп, Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Оморовдун билдирүүсүн угуп жана талкулап айылдык кенештин кезектеги ХV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Үч-Терек жайыт комитетинин 2017-жылда жасаган иштери канаттандырарлык деп табылсын .
2. Жайыт комитетинин жылдык бюджети 997056 сомго бекитилсин.
3. Бада уюшулган мезгилде менчиктин түрүнө карабастан бардык короолоштурулган мал комиссиянын көзөмөлүндөөткөрүлсүн,ар бир бадачыларга жайыт билеттерин алуу милдеттендирилсин.
4. Уч-Терек жана Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүндөгү “Киндик –Таш” жайлоосунун чектерин аныктап берүү жагы айыл өкмөт башчысы Н.Молдомусаевге, жер адиси К.Абазовго,Жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбавеге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жайыт комитетинин башчысы Ж.Сатыбаевке милдеттендирилсин.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.Сейдалиева |