Загрузка документа…
УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-февралы № 59
«Үч-Терек айыл аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуунун 3 айлыгы жөнүндө»
Үч-Терек айылдык кеңешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезектеги ХV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү,жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуунун 3 айлыгын жарыялоо жөнүндө статист-экономист Ж.Жолдошованын билдирүүсү эске алынсын.
2.Үч-Терек айыл аймагындагы айылдарында көчөлөрдү, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана санитардык абалын жакшыртуу,бак-дарактарды актоо, арыктарды тазалоо иштери жана ишембиликтерди өткөрүү, архитектуралык талаптарга туура келбеген суу өтүүчү арыктардын жээгиндеги, жол жээгиндеги дарактарды алдыртуу жагы айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3.Жарыяланган үч айлыкты уюшкандыкта өткөрүү боюнча мекеме уюмдарга,жол жээктерине бак дарактарды отургузуу,түптөрүн актоо, таштандыларды чыгартуу, ички арыктарды, каналдарды тазалатуу, жээктерин бекемдетүү иштерин жүргүзүү жагы айыл башчыларына, мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.
4.Айылдагы бак-дарактарды илдеттерден-зыянкечтерден алдын алуу максатында жаздын март айынын экинчи декадасынан, апрель айынын биринчи декадасынан жана күз айынын октябрь айынын экинчи декадасында дарылоо иштери жүргүзүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Байсабаевге милдеттендирилсин.
6.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.Сейдалиева |