Загрузка документа…
УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-февралы № 60
«Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Уркуналиева Дамирага «КыргызРеспубликасынын Президентинин Ардак грамотасы» менен сыйлоого сунуш берүү жөнүндө»
Уркуналиева Дамира 07.02.1957-жылы Токтогул районунун Үч-Терек айылында туулган.
1974-жылы М.Горький атындагы орто мектебин бүтүргөндөн кийин эмгек жолун ушул эле мектепте иш кагаздарын жүргүзүүчү болуп иштөөдөн баштаган.
1975-жылдан 1977-жылга чейин Шопоков совхозунун борбордук китепканасынын башчысы,28.06.1977-жылдан ушул мезгилге чейин Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы болуп иштеп келе жатат.1984-жылы Жалал-Абадагы кооперативдик техникумдун бухгалтердик эсеп адисигин сырттан окуп бүтүргөн.
2006-жылы Райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамотасы, 2007-жылы «Муниципалдык кызматтын Ардак грамотасы», 2010-жылы «Муниципалдык кызматтын отличниги» төш белгиси, 2013-жылы Айылдык кеңештин Мактоо баракчасы, 2015-жылы Айылдык кеңештин Ардак грамотасы,
2016-жылы Айыл өкмөттүн Ардак грамотасы, 2017-жылы Айыл өкмөт жана айылдык кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган. Айылдык кенештин бир нече жолку чакырылышынын депутаты болгон.
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аппаратынын жалпы чогулушунун сунушунун негизинде Үч-Терек айылдык кеӊешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасына» Үч-Терек айыл өкмөтүнүнжооптуу катчысы Уркуналиева Дамира сунуш кылынсын
2.Бул токтомду бекитип берүү жагы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.Сейдалиева |