Загрузка документа…
УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-февралы № 62а
«Саргата айылынын тургуну Кодиков Сыдыкалыга Саргата айылынын эски мал базарынын күн чыгыш тарабындагы таштак жерден өздөштүрүү үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Күн тартиби боюнча айылдык кенештин депутаты Мамбеткулов Замирдин сунушун угуп жана талкуулап,эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кенешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Саргата айылындагы мал базардын күн чыгыш тарабындагы таштак жерден өздөштүрүү үчүн 0,50 га жер аянтын Кодиков Сыдыкалыга бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Сураган жер аянтын мыйзам чегинде документтештирип берүү жагы айыл өкмөттүн жер адиси К.Абазовдон суралсын.
3.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.Сейдалиева |