Загрузка документа…
УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-майы № 63
«Үч-Терек айыл өкмөтүнүн алдындагы УИТ ишканасына спец.фонддон эмгек келишимдин негизинде түшкөн жана элге кызмат кылуу акысынан түшкөн жалпы суммасы 100,0 миң(жүз миң) сомду айыл өкмөттүн бюджетине которуу жөнүндө»
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн алдындагы УИТ ишканасына спец.фонддон эмгек келишимдин негизинде түшкөн 40,0(кырк миң) сомду 2018-жылга айыл чарба техникаларын сатып алуу үчүн өздүк салымына которуу боюнча айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жайыттарды жакшыртуу жана мал чарбасын өнүктүрүү максатында АРИС программасы тарабынан айыл-чарба техникаларын (эксковатор, трактор жана прессподборщик) сатып алуу боюнча өздүк салымга 100,0 (жүз миң) сом акча каражаты каралсын.
2.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын 3112-статьясына 40,0(кырк миң) сом акча каражатын отургузуу жагы Токтогул райондук финансы бөлүмү тарабынан суралсын.
3.Жогорудагы айыл-чарба техникаларын сатып алууга бекитилген 100,0 (жүз миң) сом акча каражатынын чыгымдалышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкөеввге милдеттендрилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
5.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.Сейдалиева.
|