Загрузка документа…
УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 64
“№29 М.Нургазиев атындагы орто мектебинин ашканасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн акча каражатын кароо жөнүндө”
2018-жылга М.Нургазиев атындагы орто мектеби БУУнун азык-түлүк программасынын алкагында каржыланмакчы.Ошол себептен жогоруда аталган мектептин ашканасын бардык талаптарга жооп бере тургандай кылып капиталдык оңдоп түзөө иштерин жасоо үчүн акча каражатын которуу боюнча айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.М.Нургазиев мектебинин ашканасынын ремонт иштери үчүн,Токтогул райондук социалдык жактан коргоо бөлүмүнөн Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражатына келип түшкөн 48430 (кырк сегиз миң төрт жүз отуз) сом акча каражатын 22211100 статьясына отургузуу жагы суралсын.
2.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн алдындагы УИТ ишканасынан түшкөн 30.0(отуз) миң сом акча каражатын М.Нургазиев атындагы орто мектебинин ашканасынын ремонт иштерине жумшоо үчүн Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын 22211100 статьясына отургузуу жагы суралсын.
3.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аппаратынын 22154900 статьясынан каралган 100,0жүз) миң сомакча каражатын аппараттын22211100 статьясына жылдырып берүү жагы суралсын жана М.Нургазиев атындагы орто мектебинин ашканасынын ремонт иштерине жумшалсын.
4.Жогорудагы бекитилген жалпы 178430 (бир жүз жетимиш сегиз миң төрт жүз отуз) сом акча каражатынын чыгымдалышы М.Нургазиев М.Нургазиев атындагы орто мектебинин ашканасынын ремонт иштерине жумшалсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлго алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
6.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.Сейдалиева |