Загрузка документа…
УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 66
«Үч –Терек айыл аймагындагы 2018-жылда Үч-Терек,Саргата, Кызыл-Ураан айылдарын «Суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорунун» алкагында Үч-Терек айыл өкмөтү жана АРИСтин ортосундагы «Кызматташтык жөнүндөгү Макулдашууну» жактыруу жана бекитүү жөнүндө»
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл аймагында АРИСтин 2018-жылда Үч-Терек, Саргата,Кызыл-Ураан айылдарын «Суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорунун» алкагында Үч-Терек айыл өкмөтү жана АРИСтин ортосундагы «Кызматташтык жөнүндөгү Макулдашуу» жактырылсын жана бекитилсин.
2.АРИСтин 2018-жылда Үч-Терек, Саргата, Кызыл-Ураан айылдарын «Суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорунун» алкагында Үч-Терек айыл өкмөтү жана АРИСтин ортосундагы «Кызматташтык жөнүндөгү Макулдашууда» Үч-Терек айыл өкмөтүнө тийиштүү көрсөтүлгөн иш чараларын жана талаптарын өз убагында аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.АРИСтин 2018-жылда Үч-Терек, Саргата, Кызыл-Ураан айылдарын «Суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорунун» алкагында Үч-Терек айыл өкмөтү жана АРИСтин ортосундагы «Кызматташтык жөнүндөгү Макулдашууда» жүргүзүлгөн иштердин аткарылышы боюнча жалпы элдик жыйынга маалымат берилсин.
4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Сейдалиева |