Загрузка документа…
УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 68
«Пенсия, пособиялардын берилиши жана социалдык маселелер боюнча жүргүзгөн иштери боюнча соц.адис, соц.тейлөөчүлөрдүн жүгүзгөн иштери жөнүндө»
Социалдык маселелер туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезектеги ХVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Пенсия,пособиялардын берилиши жана социалдыкмаселелер боюнчажүргүзгөн иштери боюнча соц.адис,соц.тейлөөчүлөрдүн жүгүзгөн иштери боюнча Токтогул райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы М.Нактаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2.Социалдык маселелер боюнча төмөндөгү иштерди аткаруу жагы айыл өкмөттүн соц.адисине, мектептердин соц.педагогуна,соц.тейлөөчүлөргө, ИДН инспекторуна милдеттендирилсин.
-тоголок жетим,жарым жетим балдардын санын тактоо тийешелүү коомдук уюмдарга документтерин өткөрүү жана жөлөк пул алууга көмөк көрсөтүү;
-тоголок жетим жана жарым жетим балдардын, турмуш-шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу;
-мектепке тартылбаган балдардын санын тактоо жана иш алып баруу жагы;
-жаш өспүрүмдөргө карата зордук зомбулукту, кылмыштуулукту жана суициддин алдын алуу боюнча тегерек столдорду уюштуруп өткөрүү;
-камкорчулукка,көзөмөлчүлүккө жана асырап алууга алынган балдардын үй-бүлөлөрүн көзөмөлгө алуу жана мониторинг жүргүзүү;
-турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык, медициналык укуктук жана психологиялык –педагогикалык жардамдарды көрсөтүү;
-ички жана тышкы мигиранттардын балдары боюнча маалымат түзүү;
-жалгыз бой кары картаңдарга, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга материалдык жардамдарды көрсөтүү;
-мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасында “Балдар дүйнөсү”фестивалын уюштуруп өткөрүү жана ага катышуучу балдарды тактоо;
-жарандардын суроо талаптарына,кайрылууларына сергектик менен мамиле кылып өз убагында жооп берүү;
-Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары менен жолугушууларды өткөрүү;
3.Жакыр үй-бүлөөлөрдүн абалын жакшыртууга багытталган долбоорлордун негизинде социалдык жактан кызмат көрсөтүү боюнча иш алып баруу ошону менен бирге эле адамдын кадыр-барк беделине шек келтирбей маданияттуу кабыл алуу жагы соц. адиске жана соц. тейлөөчүлөргө милдеттендирилсин.
4.Аткарылган иштер боюнча квартал сайын маалымат берип туруу жагы соц.адис Г.Жусукеевага милдеттендирилсин.
5..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы соц.маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.Сейдалиева |