Загрузка документа…
УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 69
«Уч.инспектолордун жана жашы жетпегендер менен иштөө боюнчаинспектордун жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө»
Уч.инспекторлордун жүргүзгөн иштери жөнүндө уч.инпекторлордун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезектеги ХVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Участкалык инспекторлодун жана жашы жете элек өспүрмдөр боюнча инспектордун жыл ичинде жүргүзгөн иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2.Кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча төмөндөгү иштерди аткаруу жагы уч.инспекторго,жашы жете элек балдар боюнча иштөө инспекторуна, айыл башчыларына, ВУСтун кызматкерлерине милдеттендирилсин.
-укук тартибин чындоо жана укук бузуучуларга каршы күрөшүү, мектеп окуучуларынын арасында тартипти чындоо боюнча оперативдик иш чараларды иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзүү ;
-коомдук тартипти сактоо жана хулиганчылык, тоноо, адамдын денесине залал келтирүү жана уурулукту болтурбоо боюнча иш алып баруу;
3.Диний чөйрөдөгү карама каршылыктардын күчөп кетүүсүнө жол бербөө, диний экстремизмге каршы иш жүргүзүү жана эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча жобого ылайык иш алып баруу жагы айыл башчыларына жана уч. инспекторлорго милдеттендирилсин.
4.Эл арасында терроризмге, диний экстремизмге каршы күрөшүү, улуттар аралык чыр чатактарды болтурбоонун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүжана айылдарда диний коопсуздуктун сакталышын камсыз кылуу жагы уч.инспекторлорго, жашы жетпегендер боюнча иштөө инспекторуна айыл башчыларына, коомдук уюмдарга милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин коомдук башталыштагы төрагасынын орун басары Ж.Тойтиевага милдеттендирилсин.
6.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.Сейдалиева |