Загрузка документа…
УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 70
«Саламаттыкты сактоо мекемелеринин иштери,больница, поликлиника,аптекалар, ФАПтардын жүргүзгөн иштери жөнүндө»
Саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишитери, больница, поликлиника, аптекалар, СВА,ФАПтардын жүргүзгөн иштери боюнча Ч.Орозов атындагы больницанын башкы врачы Мээримбек Касымалиевичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл өкмөтүндө жайгашкан ЖДПБ, ГСВ, СВА, ФАПтардын жүргүзгөн иштери кетирген кемчилдиктери менен канаттандырарлык деп табылсын.
2. СВА, ФАПтардын колдонулган дары дармектеринин идиштерин, калдыктарын жана башка мусорлорун төгүп өрттөөчү атайын чункурлар (яма) өтө начар абалда болгондуктан, талапка ылайык жаңы чункурларды каздыруу менен калдыктарды улам өрттөтүп туруу жагы башкы врач Орозов Мээримбекке милдтеттендирилсин.
3. Айылдардагы СВА,ФАП, Ч.Орозов атындагы ЖДПБ, ГСВ, ооруканасынын башчыларына төмөндөгү иштерди аткаруу жагы милдеттендирилсин.
-көчөлөрдү кыдырып ооругандар болсо медициналык жардам көрсөтүү жагы:
-ооруканада жугуштуу ооруларды жаткыруу үчүн атайын шарттарды түзүү:
- калкты медициналык тейлөөдө, оорулууларды дары-дармек,тамаш-аш менен камсыз болуусун көзөмөлгө алуу:
4.Уч-Терек ЖДПБнын, СВА, ФАПтардын медицина кызматкерлеринин иш убагында эмгек тартибинин сакталышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы ЖДПБнын башкы врачы М.Орозовка милдеттендирилсин.
5.Аткарылган иштер жөнүндө билдирүү берип туруу жагы ЦОВПнын башкы врачы М.Орозовка тапшырылсын.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ж.Калманбетовага милдеттендирилсин.
7.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.Сейдалиева |