Загрузка документа…
УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 71
“Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү дыйкан чарбаларга жана арендага берилген жерлерге суугат суулардын берилиши боюнча УОСтун жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө»
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда cугат суунун берилиши боюнча УОСтун Үч-Терек филалынын башчысы А.Абдыкадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХVII–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда сугат суунунберилишинде УОСтун филалынын башчысы А.Абдыкадыровдун 2017-жыл ичинде жүргүзгөн иши канаттандыраарлык деп табылсын.
2.2018-жылдын суугатсуу сезонуна карата арыктарды, каналдарды тазалатуу, айыл – чарба жерлерин айдап себүү өнөктүгүндө канча суу талап кылынаарын пландап УОС менен келишимдерди түзүү иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары A.Байсабаевге милдеттендирилсин.
3.Суугат сууну өз убагында камсыз кылуу боюнча сууну графиктин негизинде бөлүштүрүү жагы УОСтун кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.Сейдалиева |