Загрузка документа…
УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 72
«Үч-Терек Жайыт комитетине келген атайын техникалардын элге көрсөткөн кызматынын акы тарифтерин бекитүү жөнүндө»
«ПРЖР» проектиси боюнча айыл өкмөтүнө келген айыл-чарба техникаларынын элге кызмат көрсөтүү акысынын тарифтерин бекитүү боюнча жайыт комитетинин төрагасынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХVII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «ПРЖР» проектиси боюнча айыл өкмөтүнө келген айыл-чарба техникаларынын элге кызмат көрсөтүү акысынын тарифтери төмөндөгүчө бекитилсин.
1. Прессподборщик 1даана престелген түккө жиби менен бирге 13 сом.
2.МТЗ-82 жер айдоого 1га.жерге 1000сом,соляркасы 30 литр.
3. МТЗ-82 малалоого 1 га. жерге 400 сом, соляркасы 10 литр.
4.Экскаватор погрузчик 1 саатка 2000 сом солярка ичинде.
2.Токтом айыл өкмөттүн алдындагы кулактандыруу такталарына илинип элге жарыялансын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Байсабаевге, айыл башчыларына милдеттендирилсин
4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.Сейдалиева |