Загрузка документа…
УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 73
«Коомдук уюмдардын жана паспорт, мекемесинин элдерди тейлөөдө жүргүзгөн иштери жөнүндө»
Социалдык маселелер туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезектеги ХVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Коомдук уюмдардын жана паспорт мекемесинин элдерди тейлөөдө жүргүзгөн иштери жөнүндөгү билдирүүлөрү эске алынсын.
2.Паспорт алуу үчүн, жоголгон паспорт алууга кандай документтер керектелери жана канча суммада акча төгүлөрү жөнүндөгү маалыматтарды айыл өкмөтүнүн алдына илүү жагы паспорт бөлүмүнүн башчысы Д.Калдыбаевага тапшырылсын.
3. Аялдар кеңешинин, Аксакалдар сотунун мөөнөттөрү бүткөндүктөн кайра шайлоо боюнча айылдарда жыйындар өткөрүлүп курамын жаңыртуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы соц.маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.Сейдалиева |