Загрузка документа…
УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-августу № 74
«ОсОО «ПИЦ Корунд» компаниясына кен байлыктарын изилдөө үчүн Такталык айылынын аймагына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө”
ОсОО «ПИЦ Корунд» компаниясынын кен байлыктарын изилдөө үчүн Такталык айылынын аймагына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча С.Акималиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз ХVIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.ОсОО «ПИЦ Корунд» компаниясына кен байлыктарын изилдөөгө Такталык зоонасынан чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2.Бул ишти аткарууда жердин, коомчулуктун коопсуздугун сактоо жана ОсОО «ПИЦ Корунд» компаниясы менен келишимдик мөөнөт аяктаганга чейин соц пакетти камсыз кылуу жагы компаниянын жетекчиси С.Акималиевге милдеттендирилсин.
3.ОсОО «ПИЦ Корунд» компаниясынын кен байлыктарды чалгындоодогу жүргүзгөн иштерин көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Молдомусаев Нурланга милдеттендирилсин.
4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин коомдук башталыштагы төрайымынын орун басары: | Ж.Тойтиева |