Загрузка документа…
УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-августу № 76
«Үч-Терек аймактык Таза суу» муниципалдык ишканасын түзүү жана Уставын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Таза суу боюнча департаментинин алдында уюшулуп жаткан «Таза суу» муниципалдык ишканасын түзүү жана Уставынбекитүү боюнча Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Молдомусаевдин сунушун угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХVIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагында Үч-Терек,Саргата,Кызыл-Ураан айылдарын «Таза суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорунун» алкагында муниципалдык ишканасын түзүү боюнча Уставы жактырылсын жана бекитилсин.
2. «Үч-Терек айыл аймактык Таза суу» муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндөгү Уставы менен айыл аймагынын жашоочулары тааныштырылсын.
3. Уставды областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин коомдук башталыштагы төрайымынын орун басары: | Ж.Тойтиева |