Загрузка документа…
УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-августу № 77
“Айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын тактоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) жыйынтык материалдарын бекитүү жөнүндө”
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагынын
Калктуу конуштарынын чек араларын тактоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) материалдарын карап чыгып айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХVIII -сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын тактоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) жыйынтык материалдары бекитилсин.
2.Айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын тактоо
материалдарын мындан ары калктуу конуштардын генералдык пландарын түзүүдө жана калктуу конуштарынын чек араларына тиешелүү маселелерде колдонууну уюштуруу жер адисине жүктөлсүн.
3. Райондук мамлекеттик администрациясынан айыл аймагынын калктуу
конуштарынын чек араларын тактоонун жыйынтыктарын бекитип берүү суралсын.
4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин коомдук башталыштагы төрайымынын орун басары: | Ж.Тойтиева |