Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 13-марты № 6
«Токой чарбасын жамааттык жүргүзүүнү (ОВЛХ) уюштуруу жана баалуулугу бирдей айыл барьерлерин которууга (трансформациялоого) демилге көтөрүү жөнүндө»
Акназаров айыл округдун кенешинин 29-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз сессиясы, № 670 контурдагы жалпы аянты 31,0 га сугат айдоо жерлери даланылбай жаткандыгын, жерлерди сарамжалдуу пайдалануу, аларды айыл чарба ртүүсүнө киргизүү жана ушул жерлерди Акназаров айыл округунун тургундарына ОВЛХ уюштуруу үчүн ижарага берүү максатында Акназаров айыл округдук кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл округунун аймагындагы №670 контурда жайгашкан, ФПСтин жерлериндеги аянты 31,0 га жер участогу ОВЛХ уюштуруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Акназаров айыл округунун аймагында №670 контурда жайгашкан, ФПСтин жерлериндеги аянты 31,0 га жер участогун айыл чарпба жерлерин “сугат жерлер” деген түрүнөн айыл чарба жерлеринин көп жылдык өсүмдүктөр деген түрүнө которуу жөнүндө Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясына өтүнуч берилсин.
3. Акназаров айыл округу трансформациядлоонун негиздүүлүгү (айыл чарба жерлерин кыртыштык-мелиоративдик абалы) жөнүндө корутунду алуу үчүн Кыргызгипрозем мамлекеттик долбоорлоо институтуна (Республикалык кыртыштык-агрохимиялык станцияга) кайрылууга милдеттендирилсин.
4. Акназаров айыл округу айыл чарба жерлерин бир түрдөн экинчи түргө которуу боюнча материалдарды даярдоо үчүн Мамкаттоонун Бакай-Ата райондук башкармалыгына кайрылууга милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл округунун жер жана коммуналдык менчик боюнча адистин убактылуу милдетин аткаруучусу Сапаралиевге жүктөлсүн.
Төрага | Р.Рысматов |