Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 6-апрели № 1
«Үрмарал өзөнүндөгү Чийимташ сайы жөнүндө»
Акназаров айыл кенешинин 29-чакырылышынын кезексиз сессиясы, айыл округунун тургундарынын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл округуна караштуу Үрмарал өзөнүндөгү “Чийимташ” сайы, жалпы аянты 24716 га жер Аӊчылык департаментинин пайдалануусуна жана жоопкерчилигине калтырылышын чечип берүү маселеси Талас облустук мамлекеттик администрация башчысы-губернатору Б.Болотбековдон Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агентиктин директору А.Давлеткелдиевден суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл округунун башчысы К.Мандековго жүктөлсүн.
Төрага | Р.Рысматов
|