Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын – 4 августу № 1
“Аксакалдар үйүнүн ижара келишими жөнүндө”
Акназаров айыл округдук кенешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы аксакалдар үйүн ижарачысы Кебекбаев Асейиндин келишимге өзгөртүү киргизип берүү жөнүндөгү арызын карап чыгып, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл округу жана Кебекбаев Асейиндин ортосунда аксакалдар үйүн ижарага берүү-алуу боюнча түзүлгөн келишимге өзгөртүү киргизилип, ижара мөөнөтү 3 айга түзүлсүн.
2. Ижара келишими түзүлгөн учурда айыл округдук кеңешинин айыл чарба жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы акт түзүп, ижарачыга өткөрүп берсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл округунун башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу О.Уметкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Р.Рысматов |