Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын – 15 декабры № 7
“Өзгөчө кырдаалдар маселеси боюнча адис жөнүндө”
Акназаров айыл округдук кенешинин 29-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз сессиясы, айыл округунун аймагында озгочо кырдаалдар маселеси боюнча адистин айлык акысын чечуу боюнча талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл округунун аскер-учеттук столунун улук кызматкери Толоев Гамзатка өзгөчө кырдаалдар адистиги жүктөлсүн жана 2010-жылдын декабрь айы үчүн 0,5 ставка айлык акы каралсын.
2. Толоев Гамзаттын кошумча айлык акысын эсептеп, төлөп берүү жагы айыл округунун финансы-экономикалык бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл округдук кеӊештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Рысматов |