БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ХI- СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 22-февралы № 5
«Кыргыз Республикасынын Салык Кодексини 339-беренесин 4 пунктунун жана 327 берененинин 8-пунктуна ылайык тамарка жана айыл чарбасыбагытында эмес (коммерциялык) багытта пайдаланылган жер үчүн зоналдык коэффиценттин өлчөмүн тактоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесин «калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалагандык үчүн жер салыгынын ставкалары» жана 327 берененин 8п. ылайык «мүлк объектилерине салык салынуучу наркын аныктоо тартиби» таянып Кз- «зоналдык коэффицентти жергиликтүү кеңештер калктуу конуштардын экономикалык пландаштырылган зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зонанын аймагына комплекстүү баа берүү» боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Багыш айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Багыш Айыл округунун аймагындагы Айыл чарба багытында болгон жерлердин салыгын эсептоо учун аймактык Кз коэффициент жакын айылдарга 1 жана алыскы айылдарга 1,2 өлчөмдө бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Багыш айылдык Кеңешинин айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Саражиев |