Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-майы № 2
“Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы –аким Э.Омошевдин каты жөнүндө”
Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы –аким Э.Омошевдин 2018-жылдын 3-майындагы № 06-3/645 чыгыш катынын негизинде Ш.Базарбаев орто мектебинин окуучуларын толугу менен Ж.Бөкөнбаев балдар үйнө которуп, аталган эки мектепти бириктрип, мектепке бир ысым ыйгаруу меселени Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим минитсрлигине коюп чечүүнү сунуштаган каты боюнча угуп жана талкуулап Багыш айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
2. Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы –аким
Э.Омошевдин 2018-жылдын 3-майындагы № 06-3/645 чыгыш катынын негизинде Ш.Базарбаев орто мектебинин окуучуларын толугу менен Ж.Бөкөнбаев балдар үйнө которуп, аталган эки мектепти бириктрип, мектепке бир ысым ыйгаруу меселени Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим минитсрлигине коюп чечүүнү сунуштаган каты боюнча Жогорудагы маселе боюнча материалдар толук болбогондугуна байланыштуу маселени кароо жагы тиешелүү иш кагаздарды даярдап кийинки сессиясында каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагын социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия төрагалары А.Машаевага жана К. Култаевке милдетендирилсин.
Төрага | А.Саражиев |