Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-майы № 11
«Үрөөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын уюштуруу жөнүндө»
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан үрөөнчүлүк чарбалар талапка жооп бербей жана өз милдеттерин толук аткарбагандыгына байланыштуу айыл тургундарынын муктаждыгын эске алып жаңы үрөөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын уюштуру менен бирге айыл Уставына киргизүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Багыш айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагында элге кызмат көрсөтүнү күчөтүү максатында жаңы үрөөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары учурдагы талаптарга ылайык базасы менен уюштурулсун жана айыл Уставында бекитилсин.
2. Үрөөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын уюштурууда ар тараптуу көмөк көрсөтүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Саражиев |