Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-майы № 12
“Аймактарды өнүктүрүү жылына карата айыл чарба багытындагы жараксыз жерлерди жана ар кандай жаратылыш кырсыктарынан бузулган деп табылган жерлерди өздөштүрүү жөнүндө»
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагында 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылына карата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикасын көтөрүү максатында айыл чарба багытындагы жараксыз же болбосо ар кандай жаратылыш кырсыктардын кесепетинен бузулган деп табылган жерлерди өздөштүрүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Багыш айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Багыш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикасын көтөрүү максатында айыл чарба багытындагы жараксыз деп табылган жерлерди айыл өкмөтүнүн тургундарына мыйзам чегинде өздөштүрүгө уруксат берилсин.
2. Багыш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикасын көтөрүү максатында айыл чарба багытындагы жараксыз деп табылган жерлерди айыл өкмөтүнүн тургундарына мыйзам чегинде өздөштүрүүдө ар тараптуу көмөк көрсөтүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Саражиев |