Редакцияот 03.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XVIII сессиясы

2018-жылдын 3-ноябры № 182

“Кара-Шоро көчөсүн асфальттоону сураган арыз жөнүндө”

«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусунун негинде , Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши

Т О К Т О М К ЫЛАТ

1.    Мырза-Аке айылынын Кара-Шоро көчөсүн асфальттоону суранган көчөнүн жашоочуларынын арызы канааттандырылсын.

2.    Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинен Мырза-Аке айылынын Кара- Шоро көчөсүн асфальттоого каражат бөлүнүп берилсин жана сметасын түзүп чыгуу , мыйзам чегинде асфальттоо ишин аягына сапаттуу чыгаруу айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

3.    Токтомду көзөмөлдөө экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Маматовко милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Кимсанов