Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-ноябры № 184
“Жайыт комитетинин арызы жөнүндө”
«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусунун негинде , Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Жайыт комитетинин төрагасы К.Матураимовдун арызы канааттандырылсын.
2. Жайыт пайдалануучулар менен жайыт комитетинин ички эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жайыт комитетине тиешелүү жаңы келген фронтальный погрузчик менен калкка кызмат көрсөтүү акысы 1 (бир) моточастка 1100 ( бир миң бир жүз ) сом деп бекитилсин.
4. Аренда акысы жайыт комитетинин эсебине төгүлсүн.
5. Токтомду көзөмөлдөө экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Маматовко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XVIII сессиясынын 03.11.2018 № 184 сандуу токтомунун
тиркемеси
ЖПБ -ЖК нын ички эрежелери
Мал жайуу эрежелери
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык жайыт пайдалануучу төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү.